Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Кыргызстандын сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдарга мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоорун сунуштады. Документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Маалымкат-негиздемеде тажрыйбада бир нече жолу судья сотту расмий тилде жүргүзгөн маалда доогер же жоопкер адамдар аны түшүнбөй кыйналышкан учурлар аныкталганы айтылат. Мындай учурларда судья расмий тилде жооп берүүгө же котормочу алууну талап кылат. Кыргыз элинин басымдуу бɵлүгү орус тилинде окуткан мектептери жок айылдарда жашагандыктан бул жагдай жарандардын укугун бузары белгиленген.
Мыйзам долбоорунда мындан сырткары жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлɵрү деп мыйзамдуу тартипте таанылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо аларды кызматка албоо сунушталды.
Долбоор “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү карайт. Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин чыңдоо, мамлекеттик тилди колдонуу жана жарандардын бардык категорияларынын сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, процессуалдык мыйзамдарында кемчиликтерди жана боштуктарды, карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Иштеп жаткан мыйзамда соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар, жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар, укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан наамын булгап бошотулгандар, түрдүү иштер үчүн адвокаттык лицензиясынан ажыратылгандар, кылмыш жасады деп шектелгендер же айыпталгандар жана чет мамлекеттин жарандыгы барлар судья боло албайт.
2023-жылдын 17-июлунда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген.
1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
2000-жылы май айында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен аралаш тилдүү мекемелерде орус тилин колдонууга уруксат берилген. 2001-жылы орус тили расмий тил катары Конституция аркылуу бекитилген. (ErN)