Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир аймактарына туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 13…15° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG