Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

Жапаров кыргызстандыктар өнүгүүнү сезе баштаганын билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөп, кыргызстандыктар өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү сезе баштаганын билдирди.

Жапаровдун Дубайда сүйлөгөн сөзү президенттин расмий сайтына жарыяланды.

"Кыргызстанда мындай реформаларды жүргүзүү менен, демократиянын негизги принциптеринен бир кадам чегинген жокпуз. Бул жагдайда, бир тууган араб элдери сыяктуу эле, бийлик менен элдин ортосунда түздөн-түз диалог куруу системасын эзелтен бери колдонуп келе жатабыз... Биз Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда 166 өлкөнүн ичинен 45-орунга чыктык. 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү ниетибиз бар", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан эгемендик алган күндөн тартып башкаруунун ар кыл формаларында жашап көргөнүн, өзү бийликке келген 2020-жылдан баштап кайрадан президенттик башкаруу формасына кайтканын белгилеген. Ошол жылдары "үч революцияны, бир катар социалдык толкундоолорду баштан кечирип, андан кийинки коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам, терең экономикалык кризис курч турганын, коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргөнүн" кошумчалаган.

"Коррупцияга каршы күрөштүн жана бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке ири каражаттар кайтарылууда. Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок. Болгону салыктык башкаруунун жакшырышы менен өткөн жылы мамлекеттик бюджетке салыктан түшкөн каражаттардын көлөмү дээрлик үч эсе көбөйдү... Өлкөбүздө улуттук экономика туруктуу темп менен өнүгүү жолуна түштү. Акыркы үч жылдагы экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7% түздү (2021-жылы – 5,5%, 2022-жылы – 9%, 2023-жылы – 6,2%). Чет элдик инвесторлордун катышуусунда ири инфратүзүмдүк жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу, аэропортторду модернизациялоо жана башкалар бар", - деген Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапар менен 12-февралда барган. Президенттин басма сөз кызматы мамелкет башчы саммитке Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен кеткенин билдирген. Маалыматка караганда, Жапаров сапардын алкагында БАЭнин жетекчилиги жана ишкерлери менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулайт.

Transparency International эл аралык уюмунун быйыл январдагы баяндамасына ылайык, 2023-жылы Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча бир баскычка артка кеткен. Максималдуу жүз упайлык баалоодо 26 упай алып, 141-орун алды. Кыргызстан 180 өлкөнүн ичиндеги бул орунда Гвинея, Орусия жана Уганда менен чогуу турат. 2022-жылы 27 упай менен 140-орунда болчу. Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Уюмдун баяндамасында коррупция паракордук менен кымыруучулуктан тарта уюшкан, масштабдуу жана татаал жемкордук схемага чейинки көрүнүштөрдү камтый турганы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG