Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору азыр сунушталып жаткан вариантта кабыл алынса сөз эркиндигин чектей турганын билдирди.
Бул тууралуу ал 13-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты. Депутат жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзам долбоору маанилүү документ экенин кошумчалады.
“Эки эскертүүдөн кийин ЖМКнын каттоо жөнүндө күбөлүгү жараксыз деп табылат экен. Бир айдын ичинде эки эскертүү алса жараксыз болуп калат экен. Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда сөз эркиндигине чектөө алып келет”, - деди депутат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталып жаткан долбоор боюнча, жалпыга маалымдоо каражаты ЖМК мыйзамын 12 айдын ичинде экиден көп жолу бузса каттоосу жокко чыгарыларын айтты.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Каттоо үчүн үч документ талап кылынат. Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)
Дагы караңыз
Абитуриенттер ЖОЖго тапшырганда кыргыз тилинен тест беретБишкекте түнкү клубдарга маңзат сатып жүргөн топ аныкталдыЖурналисттерди коргоо комитети соттун Kloop Медианы жапкан чечимин сындадыСтубб: Хельсинки Москва менен байланышпайтСадыр Жапаров абактагыларга мунапыс берүү мыйзамына кол койдуАКШ "Амадеяга" жыл сайын 7 млн доллар коротуудаПакистан: шайлоо жыйынтыгына нааразылар жол тородуДепутат сот кылып кыргыз тилин билгендерди дайындоону сунуштады