Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Пакистан: шайлоо жыйынтыгына нааразылар жол тороду


«Техрик-и Инсаф» партиясынын колдоочулары Пешавар-Исламабад жолун торошту. 12-февраль 2024-жыл
«Техрик-и Инсаф» партиясынын колдоочулары Пешавар-Исламабад жолун торошту. 12-февраль 2024-жыл

Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан чөлкөмүндө миңдеген адам - «Техрик-и Инсаф» партиясынын колдоочулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрацияга чыгып, жолдорду бөгөттөдү. Эки ири партия болочок өкмөттү ким жетектерин чечүү максатында өнөктөш издеп, сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Бир катар партиялар 8-февралдагы добуш берүү бурмаланганын айтып, жыйынтыгын четке кагышты.

«Машаал» радиосу кабарлагандай, парламенттеги орундардын көбүн камактагы саясатчы, мурдагы премьер Имран Хандын «Техрик-и Инсаф» партиясына жакын көз карандысыз талапкерлер алды. Муну менен армия колдогон «Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз» партиясы жеңишке жетпей калды. Аны дагы бир экс-премьер Наваз Шариф жетектейт.

Бирок көз карандысыз талапкерлер өкмөт түзө албагандыктан коалиция куралгыча өлкө саясий кризистен чыга албайт көрүнөт.

Жаңы парламент өкмөт башчыны тандоого тийиш.

Хан өзүнө каршы кылмыш иши козголгондуктан шайлоого катыша алган жок, анын партиясына да ат салышууга тыюу салынган. Экс-премьер кылмыш ишинин артында саясат турганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG