Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Садыр Жапаров абактагыларга мунапыс берүү мыйзамына кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров “Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 12-февралда билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-январда кабыл алган.

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат:

  • жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогору эркектер;
  • I - II - топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;
  • биринчи жолу соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;
  • мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.

Мыйзамдын автору жана демилгечиси - депутат Жусупбек Коргонбай уулунун буга чейинки сөзүнө караганда, жалпысынан 1986 адам тууралуу сөз болууда.

Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматында, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (BTo)

XS
SM
MD
LG