Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Бишкекте түнкү клубдарга маңзат сатып жүргөн топ аныкталды


Маңзат курьери. Бишкек. УКМКнын сүрөтү.
Маңзат курьери. Бишкек. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы түнкү клубдарга жасалма синтетикалык маңзат сатып жүргөн топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, 9-февралдан 10уна оогон түндө кыргызстандык жаран А.Р.Н. кармалып, жанынан жалпы баасы 6,5 млн сомдук 1.1 кг мефедрон маңзаты алынган.

А.Р.Н. маңзатты түнкү клубдардын кардарларына таратып жүргөнү аныкталган.

Ошол эле түнү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен чогуу борбор калаадагы төрт: "Хилс", "Молекула", "Кипиш" жана "Хайв бар" деген түнкү клубдарда тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында алардын айрымдарынан шектүү заттар алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Аталган көңүл ачуучу жайлардын администраторлору жана жумушчулары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми курьер А.Р.Н. тергөө абагына кармалды.

УКМК ИИМ менен чогуу маңзаттарды сатуу жана жайылтууга каршы жигердүү күрөш баштаганын маалымдап келет.

Өткөн аптада Ошто мектеп мугалими баңгизат сатууга шек саналып кармалганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG