Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Журналисттерди коргоо комитети соттун Kloop Медианы жапкан чечимин сындады


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстанда Kloop Media басылмасын жабуу боюнча өткөн жумада чыккан сот чечимин айыптады. Бул тууралуу билдирүүсүн уюм сайтына жарыялады.

"Өткөн айда коррупцияны иликтеген Temorov Live басылмасынын журналисттери жапырт камалгандан кийин Борбор Азиядагы таанымал Kloop медианын жабылышы — Кыргызстандын бийлиги иликтөөчү журналистиканын борборун жок кылууну көздөп жатканын ачыктайт. Кыргыз бийлиги Kloop медиага жана башка эркин маалымат каражаттарына ишин улантууга мүмкүнчүлүк берип, сөз эркиндигине каршы өнөктүгүн токтотушу керек", - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азиядагы координатору Гульноза Саид.

9-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Kloop Media басылмасын жабуу чечимин чыгарган. Kloop медианын башкы редактору Анна Капушенко басылма апелляциялык арызды караганча ишин уланта берерин CPJ уюмуна билдирген.

Kloop Media порталынын жабылышына жана көз карандысыз медиаларда иштеген 11 адамдын эки айга камалышына байланышуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти өлкөдө сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров акыркы маектеринде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG