"Азаттыктын" журналисттери Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңди

"Азаттыктын" кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты алган учуру. 12-февраль, 2024-жыл.

"Азаттыктын” журналисттери Элеонора Бейшенбек кызы менен Бексултан Абибакир уулунун “Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды” деп аталган иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкта үчүнчү орунга ээ болду.

Экинчи орунду “Медиа Хаб” медиасынын журналисттери даярдаган “Элди тоногон каржы пирамидалар” иликтөөсү алды. Ал эми биринчи орун “Некст ТВ” телеканалы жана “Арча медиа” онлайн басылмасы даярдаган “Жапа чеккен аймак, жалдыраган “Үмүт” аттуу иликтөөсүнө тийди.


Мындан тышкары “ПолитКлиника” басылмасы “Кыргыз иденттүүлүгүнө каршы: социалдык медиага оогон орус пропагандасы” макаласы жана “Т-Медиа” телеканалы “Оштун паркын омургандар” деген берүүсү менен атайын сыйлыктарды алышты.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 12-февралда Бишкекте "Чындык" аттуу 4-форумдун алкагында тапшырылды.

Уланбек Эгизбаев атындаги иликтөөчү журналисттердин сынагына 60тан ашуун журналист катышкан.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда ыйгарылат.

Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 34 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун төрт варианты иштелип чыктыКазакстанда журналист Думан Мухаммедкаримдин соту башталдыКара-Сууда камакка алынган базар ээсинин адвокаты ишкерди үй камагына чыгарууну өтүндүИзраил армиясы Рафах шаарына дагы бир сокку урдуАк үй Трамптын НАТО тууралуу сөздөрүн айыптады