Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Кара-Сууда камакка алынган базар ээсинин адвокаты ишкерди үй камагына чыгарууну өтүндү


Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору Кенжекан Жээнбекованын адвокаты Бактыбек Жумашев президентке, парламент төрагасына, атайын кызматтын башчысына, башкы прокурорго жана Жогорку соттун төрагасына кайрылуу жолдоп, кардарын үй камагына чыгарууну өтүндү. Адвокат өз кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Жумашев тергөөчү Жээнбекованын мурда соттолбогонун, туруктуу жашаган жери бар экенин жана ооруп жатканын эске албай, сотко аны камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирип, ал канааттандырылып калганын белгилейт. Адвокат кардары мындай чечим чыккан күнү эси ооп калганын да кошумчалаган.

Бактыбек Жумашев ошондой эле базар ээсине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча да айып тагылып жатканын билдирип, ал эч кандай мамлекеттик кызматта иштебегенин жана бул туура эместигин маалымдаган. Ал ошондой эле кардарына коюлган айыптоолордун баарын төгүндөдү.

Былтыр ноябрь-декабрда Кыргызстандагы бир катар базарлардын соодагерлери патенттин жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинелер милдеттүү түрдө киргизилип жатканын нааразылык билдирип чыккан. Мындан кийин президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүлөрүн” эскертишкен. Мунун артынан бир катар базарлардын жетекчилери кармалган.

Атайын кызмат быйыл 26-январда Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору Кенжекан Жээнбекованы да кармаган. Анын бөгөт чарасын Ош шаардык соту карап, тергөө аяктагыча камакка алган.

Мекеменин маалымат кызматы ал кызмат абалынан пайдаланып, “контейнерди бузуп салам” деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң АКШ долларына чейин акча алып турган деп айыптаган. “Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан", – деп жазылган маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн билдирип, андагы базар ээлеринин бири Жээнбекованын да кармалышын комментарийлеген. Ташиев аталган жаран “соода жайларынан чоң акча алганы менен мамлекетке акча төкпөгөнүн, буга мыйзам чегинде жооп берерин” айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG