Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Ак үй Трамптын НАТО тууралуу сөздөрүн айыптады


Трамптын шайлоочулар алдында сүйлөгөн кези. Түштүк Каролина, 10-февраль, 2024-жыл
Трамптын шайлоочулар алдында сүйлөгөн кези. Түштүк Каролина, 10-февраль, 2024-жыл

Ак үй, батыштык лидерлер жана НАТО АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын сөздөрүн айыптап чыгышты.

Ишембиде Түштүк Каролинада шайлоочулардын астында сүйлөгөндө ал президент болуп шайланса, альянстын өзүнүн коргонуусу үчүн жетиштүү акча төлөбөгөн мүчөлөрүн АКШ Орусиядан коргобошу ыктымал деп, орустарды «каалаганын кылууга шыкак берерин» айткан.

Президент Жо Байден эртеси, 11-февралда жасаган билдирүүсүндө “Доналд Трамптын Путинге согушту жана зордук-зомбулукту көбөйтүүгө, эркин Украинага ырайымсыз чабуулун улантууга, ошондой эле агрессиясын Польша менен Балтика өлкөлөрүнө жайылтуусуна жашыл жарык берүү ниетин моюнга алганы үрөй учурат жана абдан кооптуу”, - деп белгиледи.

Ага чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Эндрю Бейтс "канкор режимдердин биздин эң жакын өнөктөштөрүбүзгө басып кирүүсүн кубаттоо - үрөй учурарлык жана коркунучтуу, бул Американын улуттук коопсуздугуна, глобалдык стабилдүүлүккө жана экономикабызга коркунуч жаратат" деп айткан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Өнөктөштөр бири-бирин коргобойт деген билдирүүлөр бардыгыбыздын коопсуздугубузга, анын ичинде АКШныкына шек келтирет, америкалык жана европалык аскерлерди мындан да чоң коркунучка кептейт»,- деди.

Дагы бир мөөнөт үчүн талапкер болууга умтулуп жаткан Трамп сурамжылоолорго караганда, республикачылардан талапкер болуу жарышында жападан-жалгыз атаандашы Никки Хейлиден кыйла алдыда баратат.

Экс-президент бийликте турган 2017-2021-жылдары НАТОнун мүчөлөрүн коргонууга ички дүң өндүрүмүнүн бери дегенде 2% бөлүүгө чакырып келген. АКШ ошол өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн төлөбөшү керек деп айткан.

Акыркы жылдарда альянстын көпчүлүк мамлекеттери коргонууга кеткен каражатты көбөйтүштү. Биринчи кезекте мындай чара Орусиянын агрессивдүү саясатынан улам көрүлүүдө. Бирок 2% аз акча сарптагандар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG