Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Казакстанда журналист Думан Мухаммедкаримдин соту башталды


Думан Мухаммедкаримдин соту өтүп жаткан жерге чогулган тарапташтары. Конаев шаары, 12-февраль, 2024-жыл
Думан Мухаммедкаримдин соту өтүп жаткан жерге чогулган тарапташтары. Конаев шаары, 12-февраль, 2024-жыл

Казакстанда журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин соту башталды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак редациясы жазды. Маалыматка караганда, судья прокурордун жараянды жабык өткөрүу өтүнүчүн канааттандырды. Буга жүйө катары күбөнүн коопсуздугу келтирилди. Адвокаттар соттун ачык өтүшүн талап кылып, иш менен таанышууга убакыт сурашты. Журналист өзү ата-энеси улгайып калганын айтып үй камагына чыгарууну сурады. Бирок судья өтүнүчтү четке какты.

Журналисттер сот жараянына атайын бөлмөдөн байкоо салып турушту. Активисттердин бири, Асет Абишев соттун жанына чогулгандар «Боштондук!» деп кыйкырып турушканын Фейсбукка жазды.

Ютубдагы ND каналынын автору Мухаммедкарим «экстремизмди каржылоого», тыюу салынган уюмга «мүчө болууга» шектелүүдө. Июнда кармалган журналистти куугунтуктоого анын мурдагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязов менен интервьюсу себеп болгону айтылып келет.

Былтыр ноябрда журналист активисттер Айгерим Тлеужанова жана Марата Жыланбаевге тилектештик иретинде ачкачылык кармаганы кабарланган.

Мухаммедкаримдин камалышын Казакстандын тең укуктуу журналисттер федерациясы айыптаган. Жергиликтүү укук коргоочу уюмдар аны «саясий туткундардын» тизмесине кошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG