Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун төрт варианты иштелип чыкты


ЖЭБд модернизациялоо талкууланган жыйын. Экранда варианттардын биринин презентациясы турат. 12-февраль, 2024-жыл.
ЖЭБд модернизациялоо талкууланган жыйын. Экранда варианттардын биринин презентациясы турат. 12-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров 12-февралда Энергетика министрлигинде Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын ЖЭБин кайрадан модернизациялоонун 4 вариантынын презентациясы сунушталды. Аны чечмелөө учурунда борбордун энергоблокторунун учурдагы абалы өтө эскирип, заманбап техникалык чечимдерди талап кылары айтылды.

Акылбек Жапаров варианттарды талкуулап жатып ЖЭБди жаңылоодо атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтууга багытталган долбоорлорго көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун децентрализациялоону эске алуу менен жергиликтүү ЖЭБдерди жана отканаларды курууну эске алуу зарылчылыгын айтты.

Отурумдун соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир долбоор боюнча экономикалык эсептөөлөрдү көрсөтүүнү тапшырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берди.

Маалыматта айтылып жаткан 4 варианттын жагдайлары, сметасы жана каржылоо булактары тууралуу айтылган эмес.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда. Жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилген.

Президент Садыр Жапаров кырсык болгон күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адистер ЖЭБди жарым-жартылай же толук модернизациялоо жолдорун изилдей турганын билдирген.

ЖЭБдеги аварияны изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG