Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Израил армиясы Рафах шаарына дагы бир сокку урду


Рафах шаарына урулган соккудан кийин. Газа, 12-февраль 2024-жыл
Рафах шаарына урулган соккудан кийин. Газа, 12-февраль 2024-жыл

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 12-февралга караган түнү Газанын Рафах шаарында согушкер топтун колунда кармалып келген эки киши бошотулганын билдирди. Маалыматка караганда, 60 жаштагы Фернандо Симон Марман менен 70 жаштагы Луис Харды былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) радикал тобунун жоочулары Израилдин түштүгүндөгү айылдан барымтага алып кетишкен. ЦАХАЛ алардын ден соолугу жакшы экенин маалымдады.

Израил армиясы ХАМАСтын Рафахтагы буталарына сокку урушканын кошумчалады. Бирок чабуулдардын чоо-жайы айтылган жок.

Ал эми Рейтер, АФП агенттиктери жазгандай, ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир сокку качкындар лагерине урулганын кабарлады. Ар кандай маалыматтарга ылайык, 37-52 киши каза тапты, ондогону жарадар болду.

Израил Газа тилкесинин түндүгүндө операция баштаганда ал жердеги калктын дээрлик жарымы Рафахка агылган. Элдин көбү БУУнун чатырларында күн көрүп келатат. Эл аралык гуманитардык уюмдар ал шаарда бир миллин 300 миңдей палестиналык башкалкалаганын билдиришүүдө.

9-февралда Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху аскерлерге Рафахтын карапайым тургундарын эвакуациялоого даярдануу көрсөтмөсүн берген. Ал жерде армия хамасчыларга каршы жаңы операция баштаганы жатат.

Гуманитардык уюмдар, Еврошаркет жана АКШ Египет менен чек ара аймагындагы жер операциясы гуманитардык апаатты ого бетер тереңдетерин эскертишүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG