Прокуратура макулдашылбай илинген туу боюнча администрацияга кайрылууну сунуштады

“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы быйыл 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко макулдашылбай илинген туу боюнча Президенттик администрацияга кайрылуу керек экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин Мирланбек Маратбек уулу аттуу адамдын арызына жооп берген катында айтылат. Ал Биринчи май райондук прокуратурасынын катын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Катта райондук прокурордун орун басары “аянтка 1-январдан 8-январга чейин илинип турган желекти Президенттин иш башкармалыгы берип, аны Улуттук гвардиянын ардак кароолунун ротасы илгени” көрсөтүлгөн жана “бул маселе боюнча Президенттин администрациясына кайрылууну” сунуштаган.

Мирланбек Маратбек уулу “Азаттыкка” берген комментарийинде “прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн негизги орган экенин, аянтта бир бир аптадан ашык илинип алынган желек боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып арыз жазганын” айтты.

Мирланбек Маратбек уулу ушундай эле арыз менен буга чейин Башкы прокуратурага да кайрылган.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген варианттагы желек илинген. Коомчулукта бул кызуу талкууланган соң, 8-январда башкы аянтка Жогорку Кеңеш кабыл алып, өкмөт токтом менен бекиткен варианттагы туу илинген.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда аянтка толук кароодон өтпөгөн туу илингенин, бул окуя боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер териштирүү иштерин жүргүзөрүн билдирген. 1-январда аянтка илинген туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген. Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес.

Президент Садыр Жапаров 15-январда улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде “Ала-Тоо” аянтына илинген желекти демөөрчүлөр жасап бергенин, кийинчерээк ал өкмөт бекиткен желекке алмаштырылганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 258 сом болдуДепутат улгайган ата-энесин карабаган жарандарды мурастан ажыратууну сунуштадыКыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойтУКМК Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэрин камакка алдыТоктогул суу сактагычында 8,7 млрд метр куб суу барПрезидент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирликтерине иш сапар менен жөнөп кеттиПрезидент Жапаровдун АКШнын мамкатчысы Блинкенге жообу жарыяланды