Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан Түркияга 400 тонна жаңгакты экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, келишим Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга сапарынын алкагында түзүлгөн.

Жапаров катышкан Анкара шаарындагы 11-өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйынында ишкерлик, инвестиция тартуу жана товарларды экспорттоого шарт түзүү талкууланган. Жыйындын алкагында Кыргызстандан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда Түркияга экспорттолот.

Бул жыйындын башкы максаттарынын бири, эки өлкөнүн ишкерлерине мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана ички товарды тоскоолдуксуз экспорт кылуу болду. Соода тармагын мамлекеттик деңгээлде жакшыртууга колдоо көрсөтүү үчүн бир канча тармактар аталып, келишимдер түзүлгөн.

Былтыр октябрда Кыргызстанда жаңгактын түшүмү жакшы болгону менен багбандар аны сатууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы Жогорку Кеңеште айтылган.

Өлкөдөгү жаңгак токойлорунун көбү Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG