Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

УКМК Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэрин камакка алды


Чолпон-Ата шаардык мэриясы.
Чолпон-Ата шаардык мэриясы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын маалымдады. Экс-мэр уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, экс-мэр маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге (К. Асанбек) Чолпон-Ата шаарындагы 10 млн. сомдон ашуун баадагы жер тилкесин берүүгө тиешеси бар деген шек менен кармалып, сот чечими менен бир айга камакка алынды.

Маалыматта ошондой эле шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары табылганы жазылган.

Ушул эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

УКМК буга чейин 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Атайын кызматтан маалыматына ылайык, Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан айдалган.

Атайын кызмат Камчы Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG