Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирликтерине иш сапар менен жөнөп кетти


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Ал саммитке Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен кетти.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекет башчы сапардын алкагында БАЭнин жетекчилиги жана ишкерлери менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулайт.

Мамлекет башчыны коштоп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Президенттик администрациянын өкүлдөрү жана Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев расмий делегациянын курамында кетишти.

Президент Садыр Жапаров былтыр да 1-декабрда Дубай шаарында өткөн Климат боюнча иш-аракеттердин бүткүл дүйнөлүк саммитине катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG