9-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча шаардык прокуратуранын арызына байланыштуу соттук отурум уланды. Бул күнү Республикалык психиатрия борборунун адистери өздөрү чыгарып берген бүтүмдөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Республикалык психиатрия борборунун дарыгери, эксперт Жанна Караева адвокаттын жана соттун суроолоруна жооп берип жатып, Kloop порталынын макалалары боюнча бир канча адис биригип, корутунду чыгарганын, жөн гана жеке тажрыйбасына таянганын айтты.
Kloop медиасынын адвокаттары эксперттердин корутундусун четке кагып, ал негизсиз жана үстүртөн жасалганын айтышты. Адвокат Нурбек Сыдыков корутундуну чыгарган адистер бир да адабиятка таянбай, методологиясын тааныштырбай, жеке тажрыйбасына гана таянып бүтүм чыгарышканын сынга алды. Ал ошондой эле эксперттер эч кандай статистикаларды келтиришпегенин белгилеп, корутундуну “мыйзамсыз” деп атады.
Мурдагы отурумдар 5-7-февралдарда өткөн. Анда да эксперттер суралган.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.
Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.
“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.
Былтыр 8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. Ошол эле жылдын 11-сентябрында Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.
Министрлик өткөн жылдын 9-октябрында Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (KS\ErN)
Дагы караңыз
Мамлекеттик ипотекалык компания 14 миңдей батир курарын жарыяладыКоомдук ишмер Райкан Алкановдун сөөгү Таласка коюлду Казакстанда аялдар маршын колдогон активист пикет уюштурдуПакистандагы шайлоодо Шарифтин партиясы алдыда келе жататМинистр мамлекеттик дарыканаларда айрым дары-дармектердин жок болуп жатканын комментарийледиТөрт өлкө палестин мамлекетин таануу боюнча "айныксыз кадамга" чакырдыУкраина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Акылбек Жапаров Түркиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды