Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Акылбек Жапаров Түркиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды


Акылбек Жапаровдун Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.
Акылбек Жапаровдун Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Анкарага жасаган расмий сапарынын алкагында Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, аларды Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Жапаров Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштеп жатканын, аларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи. Ал Бишкек менен Анкаранын ортосунда дагы көптөгөн бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Кыргызстанда ишкерлерге толук кепилдиктер берилерин убада кылды.

“Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырды. Түркиялык компаниялар бул долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн өнүгүү демилгесин колдоого алышты. Албетте, биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп терең ишенем”, – деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7% түзүп, ички дүң продукция 2023-жылы 1 трлн 228 млрд сом болгонун айткан Акылбек Жапаров, жогорудагы максаттарга жетүүдө ишкерлердин ролу чоң экенин белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (TOBB) президенти Рифат Хисаржыклы жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын айтып, ал Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров менен жолугушууга Түркиянын коргонуу, авиация, айыл чарба, энергетика, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, электрондук коммерция, кен казуу, курулуш жана кайра иштетүү тармактарындагы ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Анкарага 9-февралда барды. Расмий сапардын алкагында ал Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышары айтылган.

Премьер Жапаров мындан сырткары Түркия Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG