Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Казакстанда аялдар маршын колдогон активист пикет уюштурду


Акция Алматыда 2024-жылдын 9-февралында өттү.
Акция Алматыда 2024-жылдын 9-февралында өттү.

Казакстанда 8-март күнү аялдар маршын өткөрүүгө үндөгөн активист пикетке чыкты. Акция бүгүн 9-февралда Алматы шаарында өттү.

Сатиралык "Qaznews24" паблигинин автору жана "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөсү Темирлан Енсебек колуна Алматы акимчилигиндеги кызматкерлерден феминисттерге марш өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган жазуу кармап, Эгемендик монументинин алдына чыкты.

Активисттин айтымында, бүгүнкү акциясы менен ал бир нече аптадан бери 8-мартта аялдар маршын жана митинг өткөрүүгө уруксат ала албай жүргөн фем-активист кыз-келиндерге тилектештигин жана колдоосун билдиргиси келди.

«Биздин өлкөдө аялдардын укугу дайыма бузулуп келет деп эсептейм. Мен феминист эмесмин, алардын эч кандай кыймылдарына катышпайм. Бирок мен феминисттердин тең укуктуулукка болгон күрөшүнө тилектештигимди билдирем. Бүгүн ошолорду колдоп чыктым. Кыз-келиндердин 8-марттагы маршы өтүшүн колдоп чыккан биринчи эркек болоюн», — деди Енсебек.

Активист январь айында акция уюштуруп, 15 суткага камалган. Анда ал тынч митинг уюштурганы үчүн кармалган башка активисттерге тилектештигин билдирип чыккан.

8-мартта Алматыда “Казакстандык аялдардын эркиндиги жана коопсуздугу” деген ураан менен акцияларды уюштурууну көздөгөн топтор бийликтен уруксат ала албай жатышат. Шаар бийлигине жөнөтүлгөн кеминде үч кабарлама арыз четке кагылганы айтылды.

3-февралда ушундай эле талап менен чыккан келинге белгисиз бир киши тоскоолдук жаратып, колундагы плакатты жулуп алууга аракет кылган.

Казакстанда 2020-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, акция өткөрүүнү каалагандар кеминде беш күн мурда жергиликтүү бийликке маалымкат жөнөтүүгө милдеттүү. Укук коргоочулар жана активисттер бийликтин мындай эрежесин мыйзамсыз жана «жарандардын тынч жыйын уюштуруу укугунан пайдалануусуна каршы талаптар камтылган» деп сындап келишет.

Казакстанда былтыр күзүндө өз күйөөсүнүн колунан ажал тапкан 31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмүнөн кийин аялдардын укугу, коопсуздугу жана эркиндиги тууралуу талкуу күчөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG