Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Мамлекеттик ипотекалык компания 14 миңдей батир курарын жарыялады


Мамлекеттик ипотека компаниясынын инвестициялык сынак үчүн жарыялаган жарнагынан.
Мамлекеттик ипотека компаниясынын инвестициялык сынак үчүн жарыялаган жарнагынан.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) президент койгон тапшырманын негизинде келерки эки-үч жылда Кыргызстандын аймактарында 13 857 батир курат. Бул тууралуу 9-февралда компаниянын директору Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин “Элдик” фракциясынын Бишкектеги көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул батирлердин баарынын аянты 847,5 миң чарчы метрди түзөт. Учурда Бишкек шаарында 429 чарчы метрлик 6 890 батир, Жалал-Абад облусунда 116,5 чарчы метрлик 1 895 батир курулуп жатат.

Шыкмаматов Таласта жер тилкелерди трансформациялоо аяктап жатканын, Нарында процесс бүткөнүн, долбоор менен экспертизалар даярдалганын, курулуш февралда башталарын айтты. Каракол шаарында болсо 30 гектардык жер тилкесинин долбоордук-сметалык документациясы даярдалууда.

Мындан сырткары Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда да үйлөр курулат. Ошондой эле башка Ош шаарында жана Ош облусунда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жана башка аймактарда да үйлөр курулуп, жарандарга жеңил шарттарда берилет.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы аркылуу азыр кезекте турган 13 миң адамдын баары келерки эки жылда насыялык шартта үй менен толук камсыз болорун былтыр 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып билдирген.

Мамлекет башчы быйыл 30-январда Фейсбуктагы баракчасына да аталган тема жөнүндө пост жазып, жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Анда мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар үчүн анын жарым баасын алдын ала төлөп үй алууга шарт түзүлөрү айтылган.

Жапаровдун айтымында, батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот жана калган баасын 10-15 жылда төлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бул чечимди аткаруу Мамлекеттик ипотека компаниясына (МИК) жүктөлгөн.

Президент социалдык батирлер Кыргызстандагы 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда курула баштай турганын жазып, азыр салынып жаткан объектилердин тизмесин жарыялаган.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Соңку маалыматтарга ылайык, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды. Турак-жайга муктаж дагы миңдеген киши кезекте турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG