Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Төрт өлкө палестин мамлекетин таануу боюнча "айныксыз кадамга" чакырды


Газа сектору. Архивдик сүрөт.
Газа сектору. Архивдик сүрөт.

Жакынкы Чыгыштагы төрт өлкөнүн башкы дипломаттары палестин мамлекетин таанууга багытталган айныксыз кадамдар жасалышы керек деген чакырыгын дагы бир ирет кайталашты. Бул тууралуу Газадагы согуш боюнча Сауд Арабиясы уюштурган сүйлөшүүлөрдө сөз болгонун 9-февралда арабиялык мамлекеттик Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) белгилешти.

Жолугушуу 8-февралда өткөнү, ага Египеттин, Катардын, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) жана Иорданиянын башкы дипломаттары жана палестиналык жогорку кызматкер катышканы кабарланды.

Бул күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Жакынкы Чыгышка Газада абал курчугандан берки бешинчи иш сапары жыйынтыкталды.

Газа секторунда абал былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жан Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Израилге кол салганда курчуган, себеби израил армиясы жооп катары атайын операция баштап, азыркы учурда Газанын бир катар ири аймактарын көзөмөлдөп турат. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси сектордун 27 миңдей жай тургуну жөөт армиясынын чабуулдарынан каза болгонун, миллиондогон киши качкындар лагерлеринде баш калкалап турганын айтууда.

Израил кол салуу болгон 7-октябрда 1200дөй кишисинин өмүрү кыйылганын, жүздөгөн кишисин террорчулар Газага алып кетип, барымтада кармап турушканын билдирген. Кийин алардын айрымдары бошотулган. Азыркы тапта жүздөн ашуун киши барымтада турат.

Өткөн айдын соңунда Франциянын борбору Парижде АКШ, Катар, Египет жана Израил өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда Газадагы атышууну токтотуу жолдору талкууланган.

7-февралда ХАМАС ар бири 45 күндүк үч этаптан турган, жалпысынан 4,5 айды камтуучу тынчтык планын ортомчуларга берген.

8-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ал планды четке кагып, Израил жеңишке жакындап калганын айткан.

18-январда Израил келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөй турганын жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирген. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Газанын «Израил мамлекетин жок кылууга үндөбөгөн, Израилге террористтерди жөнөтпөгөн» жарандык бийлигин тааный турганын кошумчалаган.

Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтык орнобой турганын белгилеп келет.

Палестиндердин өз мамлекети болмоюнча аймакта туруктуу коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин 9-10-январь күндөрү Түркия, Грекия, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүн кыдырып, Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолуккан Блинкен да айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG