Электрондук эсеп-фактураны колдонгондор 65 миңге көбөйдү

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстанда электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонгон ишкерлер 65 миңге көбөйүп, ушул тапта 94 миң 300гө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1,7 трлн сомго 19,6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен. Жалпысынан ЭЭФ киргизилген 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ толтурулган.

Кыргызстандын бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Түркияга бардыУлуттук банктын резерви январдын жыйынтыгында 3,3 млрд доллар болдуМилиция журналист Эрмек Аттокуров кармалганын билдирдиӨзбекстанда диний блогер Аброр Мухтор Али 15 күнгө камалдыУкраина: Залужныйдын ордуна Куралдуу күчтөрдүн башчысы болуп Сырский дайындалды8-февраль: Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкү, Алматыдагы акция, Орусияда кармалган мигранттар