Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Акылбек Жапаров Түркияга барды


Акылбек Жапаров менен Жевдет Йылмаз баштаган делегациялардын жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров менен Жевдет Йылмаз баштаган делегациялардын жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Аны Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Ал мындан сырткары Түркия Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 560 млн 472,7 миң доллар болгон. Бул мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу азыраак. Мунун ичинен 417 млн доллардан ашыгы Кыргызстандын импорту. Бишкек Анкарага 143 млн долларлык товар жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG