Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

8-февраль: Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкү, Алматыдагы акция, Орусияда кармалган мигранттар


Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган айрым мүлктөрү. УКМК тараткан сүрөт.
Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган айрым мүлктөрү. УКМК тараткан сүрөт.

8-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке өттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирди. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы жети объект бар. Ал 2021-жылы коррупцияга айыпталып мамлекетке 2 млрд сом төккөн. УКМК быйыл ага кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Издөө жарыяланган Райымбек Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз.

Мугалим баңгизат сатууга шек саналып кармалды

Ички иштер министрлиги Ошто 31 жаштагы мугалим 1 кг каннабис чайырын (гашиш) сатууга шек саналып кармалганын билдирди. ИИМдин маалыматы боюнча тергөөдө ал Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштей турганы, көп убактан бери маңзатын сатып жүргөнү аныкталган. Шектүүгө “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Оштогу милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошто баңгизат сатууга шек саналып кармалган мугалим. ИИМ тараткан сүрөт.
Ошто баңгизат сатууга шек саналып кармалган мугалим. ИИМ тараткан сүрөт.

Бишкекте мечиттерге камера орнотулат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарындагы 22 чоң мечитке адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотуларын билдирди. Бул чечим мечитке келгендердин буюмдары уурдалган окуяларга байланыштуу кабыл алынган. Быйыл жыл башындагы маалымат боюнча, коомдук жайларга коюлган 100дөн ашык камера кишини жүзүнөн таануучу системага туташтырылган. Human Rights Watch уюму мындай камералардын коюлушун сындаган.

Екатеринбургдан депортация болгон келин

Орусиянын Екатеринбург шаарында бир жарым айлык баласы бар кыргызстандык аял миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн мекенине депортацияланып, баласы ооруканада калтырылган. Бул тууралуу орусиялык “Европейско-Азиатские Новости” (ЕАН) басылмасы кабарлады. Медиа баланын атасы Свердловск облусунда жашай турганын, күнү-түнү иштегенден улам баласын карай албай жатканын маалымдалган. Аны облустук ооруканада ыктыярчылар багып жатышкан.

Орус армиясы Украинага дрон менен сокку урду

Одесса жана Николаев облустарында жардыруулар болгону кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок. Николаев шаарында 20дан ашуун турак жай талкаланды. Абадан эскертүү Украинанын 14 облусунда жаңырды. Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, аннексияланган Крымдын аймагынан учурулган 17 учкучсуз аппараттын 11 атып түшүрүлдү. 7-февралда Орусиянын армиясынын Украинага дрондор жана ракеталар менен сокку урган. Анда беш киши набыт болуп, ондон ашууну жараат алган.

Нетаньяху ХАМАСтын ок атууну токтотуу сунушун четке какты

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 7-февралдын кечинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун ок атууну токтотуу сунушун четке какты. Нетаньяху бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барган маалда билдирди. Жергиликтүү медиа жазгандай, Израилдин жетекчилиги ХАМАСтын шарттары кабыл алынгыс экенин Блинкенге айткан. ХАМАС радикал уюму 6-февралда Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушуна жооп берип, өз шарттарын койгон.

Алматы: Шинжаңдагы жакындарын коргоп чыккандар

Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунда узакка соттолгон туугандарын бошотууну талап кылган он чакты адам Кытайдын Алматыдагы консулдугуна жакын жерде нааразылыкка чыкты. Алардын туруктуу акция өткөрүп келатканына туура үч жыл болду. Бул аралыкта Кытай консулдугунан аларга бир да адам чыккан эмес. Акцияга чыккандарды полиция кызматкерлери кармап кетип, айып пул салат. Үч жылдан бери аларга салынган айып пулдун көлөмү жети миң теңгеден ашты. БУУнун маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып Шинжаңда саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалды.

Челябинскиде өзбек, тажик жана кыргыз мигранттардын тобу баңгизат сатууга шектелип кармалды

Орусиянын Челябинск облустук полициясы жалпысынан 24 киши камалганын билдирди. Топтун уюштуруучусуна жана анын эки жардамчысына издөө жарыяланды. Бул топ кеминде 75 кылмыштык фактыга шектелүүдө. Алар жарандардан мессенжер аркылуу буюртма алып, баңгизаттарды ар кайсы жерге жашырып, сатып жүрүшкөнү айтылат. Топ Челябинск, Москва, Свердловск, Курганск, Самара облустарында жана Пермь крайы менен Москва шаарында да иштегени айтылат. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Азырынча Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG