Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 2024-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен 3 млрд 313,49 млн доллар болду. Бул тууралуу мекеменин февралдагы статистикалык көрсөткүчтөрүндө баяндалат.
Башкы каржы көзөмөл мекемесинин резерви 3 млрд доллардан алгач ирет төрт жыл мурда ашкан. 2020-жылдын августунда 3 млрд 71 млн долларга жетип, кайра 2 млрд 523 млрд долларга чейин түшкөн. 2021-жылдын күзүндө 3 млрд 241 млн долларга көтөрүлгө. Соңунда 2023-жылдын ноябрында 3 млрд 62 млн доллардан ашкан.
Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.
Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.
Буга чейин Улуттук банк былтыр 17 тонна 70 кг алтын сатып, ал операцияларынан 1 млрд 90 млн доллар каражат тапканын кабарлаган. Натыйжада жыл аягына карата мекеменин активиндеги алтындын көлөмү 48,04 тоннаны түзгөн.
Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында Швейцария, Түркия, Гонконг жана Италия Кыргызстандан жалпы көлөмү 20 тонна 616 кг алтын сатып алышкан. Алардын импорттук суммасы 1 млрд 321 млн доллардан ашкан.
Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. (ErN)