Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Өзбекстанда диний блогер Аброр Мухтор Али 15 күнгө камалды


Өзбекстандык диний блогер Аброр Мухтор Али.
Өзбекстандык диний блогер Аброр Мухтор Али.

Өзбекстанда талаштуу билдирүүлөрү менен таанылган диний блогер Аброр Абдуазимов Ташкенттин Шайхантахур райондук сотунун чечими менен 15 суткага камалды. Ал социалдык тармактарда Аброр Мухтор Али деген ысым менен таанымал.

Блогер төрт тарапташы менен “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө” жана "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз ишин аткаруусуна каршылык көрсөтүү" деген беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тергөөнүн версиясына караганда, Абдуазимов достору менен Шайхантахур райондук администрациясынын имаратында чуу чыгарган. Блогер сотто күнөөсүн мойнуна алып, өкүнөрүн билдирди.

2023-жылдын февраль айында Абдуазимов дагы бир блогер Никита Макаренконун беделине шек келтирген жалган маалыматтарды таркатканы үчүн жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөгө милденттендирилген.

Абудазимовдун YouTube каналына 700 миңден көп киши катталган. “Инстаграмда” бир миллион, ал Телеграмда 100 миңден ашуун катталуучусу бар.

XS
SM
MD
LG