Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Украина: Залужныйдын ордуна Куралдуу күчтөрдүн башчысы болуп Сырский дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы кылып Валерий Залужныйдын ордуна генерал-полковник Александр Сырскийди дайындаганын жарыялады.

"Мен генерал Залужныйга эки жыл мекенди коргоп бергени үчүн ыраазымын. Украин аскерлеринин жардамы менен чогуу жеткен ар бир жеңиш үчүн ыраазымын. Бүгүн армия өзгөрүүлөргө муктаж экенин ачык сүйлөштүк. Чукул өзгөрүүлөргө муктаж. Мен генерал-полковник Сырскийди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кылып дайындадым", - деди Зеленский 8-февралдын кечиндеги видеокайрылуусунда.

Украин президенти белгилегендей, ал ар кандай деңгээлдеги командирлер менен ондогон сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ушул эле күнү Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп келген Валерий Залужный менен жолукканын жарыялаган.

Залужныйдын кызматтан кетери тууралуу кеп бир нече жумадан бери жүрүп жаткан. Бирок генерал өзү, Зеленский дагы бул маалыматтарды ырасташкан эмес.

Александр Сырский армиянын жердеги аскер күчтөрүн жетектеп келген. Ал 2022-жылдын жайынан бери Харьков облусундагы контрчабуулдун командачыларынын бири болгон.

XS
SM
MD
LG