Ошто милиция мугалимди баңгизат сатууга шек санап кармады

Ошто баңгизат сатууга шек саналып кармалган мугалим. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Ош шаарында 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факты маалыматты каттоо журналына катталып, шектүү Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштей турганы, ал көп убактан бери маңзатын сатып жүргөнү аныкталган.

Ош шаарында ИИМдин кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларында ал 1 кг каннабис чайырын (гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Кармалган мугалим Баткенде кайсы мектепте мугалим болуп иштей турганы ачык айтылган жок.

Шектүү тараптан комментарий боло элек. (BTo)

Дагы караңыз

Челябинскиде өзбек, тажик жана кыргыз мигранттар тобу баңгизат сатууга шектелип кармалдыДепутат "Урал аба жолдорунун" ишине баа берүү маселесин көтөрдүТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынганын төгүндөдүБишкектеги 22 мечитке адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулатПакистанда парламенттик шайлоо өтүп жататАзербайжандагы шайлоодо Алиев 92% добуш менен алдыга чыктыНетаньяху ХАМАСтын ок атышууну токтотуу сунушун четке какты