Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Азербайжандагы шайлоодо Алиев 92% добуш менен алдыга чыкты


Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сүрөтүн көтөргөн тарапташтары. 7-февраль, 2024-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сүрөтүн көтөргөн тарапташтары. 7-февраль, 2024-жыл.

Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын 92,05% алып, алдыга чыкты. Бул бюллетендердин 93,35% саналгандан кийинки жыйынтык экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов 8-февралда билдирди.

Алиевдин атаандаштары Захид Орудж добуштардын 2,19% алса, Фазиль Мустафа 2% чогулткан.

Панахов билдиргендей, шайлоого 4 миллион 971 миң добуш берүүчү катышкан. Бул шайлоочулардын 76,73% дегенди билдирет.

Оппозициялык негизги партиялар шайлоого катышуудан баш тартышкан. Ал эми бул добуш берүүдө Алиевге атаандаш болуп чыккандардын дээрлик бардыгы бийликчил саясатчылар. Дебаттарда алар Алиевди мактап-жактап “аймактык бүтүндүктү калыбына келтиргени үчүн” алкашканын Би-Би-Синин орус кызматы жазды. Алиев өзү 7-февралда Тоолуу Карабак аймагынын борбору Ханкендиде (армяндар Степанакерт дешет) добуш берди.

Шайлоо кийинки жылы өтмөк, бирок байкоочулар белгилегендей, былтыр Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өтүп, Алиевдин популярдуулугу өскөн учурда ал добуш берүү мөөнөтүн эртелеткен.

62 жаштагы Алиев өлкөнү 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин көзү өткөндөн бери башкарып келе жатат. Азыр Азербайжанда президент жети жылга шайланат, ал мөөнөтү бүткөндөн кийин деле шайлоого каалашынча катыша бере алат. Алиев ушуну менен бешинчи жолу президенттик шайлоого катышты.

Ал башкарган 20 жылдан бери өлкөдө саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынды, оппозиционер саясатчылар жана көз каранды эмес журналисттер камалды, камоолор айрыкча шайлоо алдында күч алды.

XS
SM
MD
LG