Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Депутат "Урал аба жолдорунун" ишине баа берүү маселесин көтөрдү


"Манас" аэропортунан чет өлкөгө учканы бараткан жүргүнчүлөр.
"Манас" аэропортунан чет өлкөгө учканы бараткан жүргүнчүлөр.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Орусиянын "Урал аба жолдору" авиакомпаниясына байланыштуу көйгөй күчөгөнүн айтты. Акыркы кездери аталган компанияга каршы даттанган кыргызстандыктар көбөйгөнүн белгилеп, учакка жүк салууда, колго көтөргөн сумкаларды бортко алып кирүүдө жана башка жагдайларда жүргүнчүлөрдөн ашыкча акча талап кылган учурлар кадыресе көрүнүшкө айланганын билдирди.

Парламенттин 8-февралдагы жыйынында сүйлөгөн Сулайманов "Урал аба жолдорунун" Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө баа берүү жана маселени чечүү зарылдыгын өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн суранды.

Январда “Урал аба жолдору” авиакомпаниясына нааразы кыргызстандыктар социалдык желеге видеолорду жарыялашкан. Алардын көбү компанияны “кошумча акча алат” деп айыптаган. Жүргүнчүлөр арасында компанияга бойкот жарыялагандар да бар. Аталган компания буга комментарий бербейт.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мындай көйгөй бар экенин бышыктап, аталган компанияга кат жолдонгонун маалымдаган.

2022-жылы Европа Биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия" жана башкалар бар.

Былтыр "Урал аба жолдорунун" учактары кырсыкка кабылган окуялар катталган. "Кара тизмеге" кирген компаниялар саналуу гана өлкөлөргө учат.

Санкцияларга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялар учактардын тетиктерин чет мамлекеттерден түз сатып албайт.

"Урал аба жолдору" Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарлары менен Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Иркутск, Татарстандын Казан шаарларынын ортосунда дээрлик күн сайын каттамдарды аткарат. (SE)

XS
SM
MD
LG