Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Пакистанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Пакистанда добуш берүү башталды. 8-февраль, 2024-жыл.
Пакистанда добуш берүү башталды. 8-февраль, 2024-жыл.

Пакистанда парламенттик шайлоо күчөтүлгөн коопсуздук шартында өтүп жатат. Тынчтыкты сактоого 65 миң аскер жана полиция тартылганына карабастан, 8-февралдагы жардыруулар беш кишинин өмүрүн алды. Өлкөнүн түндүк-батышындагы Дера Исмаил Хан аймагындагы полиция бөлүмүнө жасалган кол салуудан төрт тартип коргоочу мүрт кетти. Ал эми Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы кол салуудан бир полиция кызматкери набыт болгону кабарланды.

Иран менен Ооганстанга чектеш аймактарда коопсуздук чарасы катары мобилдик байланыш үзүлдү. Бийликтин бул кадамын айрым партиялар кескин сындап, “демократияга олуттуу басым” деп аташты.

Социологдор өлкөдөгү добуш берүүгө укуктуу 128 миллион адамдын аз гана бөлүгү шайлоого катышарын боолгоп жатышат. Буга 7-февралдагы 30дай кишинин өмүрүн алган жардыруулар, мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын камалышы түрткү болору айтылууда.

Парламенттик шайлоону утурлай уюштурулган теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алды.

Улуттук жана төрт провинциялдык ассамблеяларга депутат болуу үчүн өлкө боюнча 18 миңдей киши ат салышууда. Пакистандын аймагында 90 миңдей добуш берүү бекети ачылган.

XS
SM
MD
LG