Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Бишкектеги 22 мечитке адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулат


Бишкектеги камералардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги камералардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы 22 чоң мечитке адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулат. Бул тууралуу 6-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен Бишкек казысынын орун басары Талантбек Темирбаев баштаган 22 мечиттин имамдарынын жолугушуусунда айтылды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы Талантбек Темирбаев мечитте адамдардын буюмдары уурдалган окуялар бар экенин, ушундан улам адамдарды жүзүнөн тааныган камера орнотуу маанилүү экенин билдирген.

2019-жылы Кыргызстанда көчөлөрдө адамды жүзүнөн тааный турган камералар коюла баштаган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы менен кызматташуу тууралуу буйрук чыгарган. CEIEC Кыргызстанга адамды жүзүнөн тааныган камераларды бекер берип, ал орнотулган.

Быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн таануучу системага туташтырылганын билдирген.

Human Rights Watch уюму Кытайдын камераларынын орнотулушун сынга алып, санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатканын, аны андан ары эмне кылары белгисиз экенин эскерткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG