Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Нетаньяху ХАМАСтын ок атышууну токтотуу сунушун четке какты


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 7-февралдын кечинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ок атышууну токтотуу сунушун четке какты.

Нетаньяху аталган топту түп-тамырынан бери жок кылууну дагы бир жолу убада кылды.

“Толук жеңиш гана Израилдин түндүгүндө да, түштүгүндө да коопсуздукту камсыздоого мүмкүнчүлүк берет”,- деди ал.

Андан тышкары ал аскерлерине Рафах шаарына кирүүгө даяр болууну тапшырды. Бул калаа Газа тилкесинин түштүгүндө, Египет менен чек арага жакын жайгашкан. Ал жакта миңдеген палестиндер баш калкалоого аргасыз.

Нетаньяху бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барган маалда билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Израилдин жетекчилиги ХАМАСтын шарттары алар үчүн кабыл алынгыс экенин Блинкенге айткан.

ХАМАС радикал уюму 6-февралда Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушуна жооп берип, өз шарттарын койгон.

Рейтер агенттиги жазгандай, өз жообунда радикал уюм Газа тилкесиндеги ок атышууну төрт жарым айга токтотууну сунуштаган. Анда барымтадагы бардык туткундарды бошотуу, Израил Газа тилкесинен өз армиясын чыгарып кетиши жана согушту толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү каралган.

Буга чейин расмий Тель-Авив ХАМАС толук жок болмоюнча, Газадан аскерлерин чыгаруудан баш тартып келген.

ХАМАС радикал уюму Израилдин конуштарына 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй кишини барымтага алып кеткени маалымдалган. Израил аталган уюмга согуш жарыялап, Газа тилкесиндеги аскердик операциясын баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, бул убакыт ичинде 27 миңдей киши набыт болду.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG