Чүйдө бир жылда 529 жолу жол эрежесин бузган айдоочу аныкталды

Айып короо жайына токтотулган автоунаа.

Чүй облустук милициясы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2023-жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларына 529 жолу жол эрежесин бузуп түшкөн автоунаанын айдоочусу аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 8-февралда Сосновка өткөрмө постунан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү машине токтотулуп текшерилгенде, айдоочунун 694 миң 800 сомдук айып пулу аныкталган. Автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген. (BTo)

Дагы караңыз

Алматыда жер көчкү төрт кишинин өмүрүн алдыПрезидент Жапаров прокуратура 16 млрд 923 млн сомду мамлекетке кайтарганын айтты Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулатЧелябинскиде өзбек, тажик жана кыргыз мигранттар тобу баңгизат сатууга шектелип кармалдыКыргызстандык дарыгерлер Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөтБишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиДепутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырды