Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Бишкекте бир типтеги аялдамалар курулат


Жаңы аялдаманын эскизи. Бишкек. 8-февраль, 2024-жыл
Жаңы аялдаманын эскизи. Бишкек. 8-февраль, 2024-жыл

Борбор калаанын коомдук транспорт токтоочу аялдамадары бир типте курулуп, көлөмүнөн гана айырмаланат. Аялдаманын узундугу 10-12 метр болот, чоң көчөлөргө жана проспектилерге көлөмдүүсү коюлат.

Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Маалыматка караганда, мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкекбашкыархитектура" мекемеси жаңы аялдама комплекстеринин эскиздерин бекитти. Ага ылайык, борбор калаадагы аялдамалардын баары бир типте болот. Мурдараак айрым аялдамаларды пилоттук түрдө долбоорго ылайыкташтырып, реконструкциялоо иштери жүргөн.

"Шаардыктардын жана шаар конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышкысын жылытуучу, жайкысын салкындатуучу кондиционерлер менен жабдылат. Ошондой эле анда коомдук транспорттун каттамы чийилген маалыматтык тактай орнотулат. Бардык аялдамалар акысыз интернет таратуучу Wi-Fi менен камсыздалат", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Бекитилген долбоор боюнча аялдама курууга кызыккандар мэриянын муниципалдык мүлк департаментине кайрылса болору кошумчаланды.

Бишкектеги аялдамалар талапка жооп бербесин, коомдук унаа күтүп турган адамдар жаан-чачында, ысык-суукта баш калкалоого мүмкүн эместигине буга чейин сын айтылып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG