Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Депутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырды


Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

Депутат Балбак Түлөбаев Ак-Түз кенин иштетүүнү баштоо зарыл экенин Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында көтөрүп, бул маселеде Министрлер кабинетинин позициясына кызыкты.

Депутат кенди иштетүүнү жергиликтүү тургундар өздөрү суранып жатканын белгиледи. Ал Кемин районуна барганда жашоочулар менен сүйлөшкөнүн айтып, өкмөт азыр иштетилбей жаткан мындай кендерди кыдырып, чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Чүй облусунун Ак-Түз айылында жайгашкан кенден совет доорунда коргошун казылган. 1992-жылы кенди байытуу ишканасы жабылып, 2000-жылдардын башында израилдик компания аны иштетүүгө лицензия алган, бирок кийинчерээк ал банкрот деп жарыяланган.

2019-жылы Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы митингге Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын тургундары катышкан. Катышуучулардын арасында Ак-Түз айылынын да тургундары болгон. Алар келечекте Ак-Түздө да казуу иштери башталышы мүмкүн деп тынчсыздануусун билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG