Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолуна кум чачуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолуна кум чачуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана байланыш министрлиги Бишкек-Ош жолундагы бороон, кар күрткүсүнө байланыштуу "Сосновка" жана "Арал" өткөрмө бекеттеринен жүк ташуучу автоунаалар убактылуу өткөрүлбөй турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы жол тазалоочу ишканалардын жумушчулары иштеп жатат.

Кар күрткүсүнөн улам Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров жолун кар көчкүдөн тазалоо иштери уланууда.

Ала-Бука - Жаны-Базар жолу кар көчкү түшкөндүктөн, убактылуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек-Ош жолундагы кооптуу аймактарда кар көчкүнү аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдады. Ага ылайык, Коргоо министрлигинин көмөгү менен кар көчкү Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында атып түшүрүлөт.

ӨКМ 9-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын эскертти.

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя жана Красная-Горка - Акташ жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого айдоочуларды чакырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG