Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Президент Жапаров прокуратура 16 млрд 923 млн сомду мамлекетке кайтарганын айтты


Башкы прокурор Курманкул Зулушев (солдо) жана президент Садыр Жапаров жаңы имаратта. Бишкек. 8-февраль, 2024-жыл.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев (солдо) жана президент Садыр Жапаров жаңы имаратта. Бишкек. 8-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын прокуратура тармагы былтыр мамлекетке келтирилген 17 млрд 979 млн сомдук зыянды аныктаган. Анын 16 млрд 923 млн сомун кайтарган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Мамлекет башчы зыянды өндүрүү прокуратуранын негизги максаты болбосо да, мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчаларды кайтарууга салым кошуп жатканын белгиледи.

Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттин жазык саясатын жөнгө салуучу кодекстер иштелип чыгып, колдонууга киргизилгенин кошумчалады.

"Кылмыштуулук, анын ичинде коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жаатында коомдо жаңы маанайды – мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишенимди жаратты".

Президент Жапаров учурда прокуратура кызматкерлеринин иштөөсүнө толук шарттар түзүлгөнүн белгилеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине ыраазычылыгын айтты.

Жер-жерлердеги прокуратуранын имараттарын оңдоп-жаңылоо иштери 2021-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. Ал жылы Кочкор райондук прокуратурасынын, 2022-жылы Баткен горнизонунун аскер прокуратурасынын, 2023-жылы Талас облустук, Чоң-Алай райондук прокуратураларынын административдик имараттары курулган. 70% административдик имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Учурда Нарын облусунун, Нарын шаарынын, Нарын районунун прокуратураларынын имараттарын куруу үчүн мамлекеттик казынадан тиешелүү акча каражаты бөлүнүп жатканы кабарланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG