Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Алматыда жер көчкү төрт кишинин өмүрүн алды


Алматыдагы жер көчкү алып кеткен үйдүн урандыларын тазалоо иштери жүрүп жатат. 8-февраль, 2024-жыл.
Алматыдагы жер көчкү алып кеткен үйдүн урандыларын тазалоо иштери жүрүп жатат. 8-февраль, 2024-жыл.

Алматы калаасынын Тау-Самал кичи районунда 8-февралга караган түнү жүргөн жер көчкү төрт кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу шаардын Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.

“Жалпысынан окуя болгон жерден куткаруучулар 1984-жылкы эркек кишинин, 1980-жылкы аялдын жана 2007-жылкы эки жигиттин сөөктөрүн таап, алып чыгышты”,-деп жазылат мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Маалым болгондой маркумдардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын үйүн жер көчкү толук алып кеткен, дагы бир там жарым-жартылай талкаланган. Учурда урандыларды жана жолду баткактан тазалоо иштерине оор техника жана эки жүздөй киши — куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, медиктер жана кинологдор тартылды.

Тау-Самал кичи району Алматынын абройлуу деп саналган тоолуу Медеу районуна карайт. Ал жакта жеке менчик үйлөр, коттеждер жыш салынган.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдиргендей, жер көчкүнүн жалпы көлөмү 3200 метр кубду түзгөн.

Окуя калаанын тегерегиндеги башаламан курулуш маселесин күн тартибине чыгарды.

XS
SM
MD
LG