Пенсиянын топтомо бөлүгү турак жай сатып алууда да бериле баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Документти парламент 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алган.

Пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2% топтомо бөлүк катары берилет.

Буга чейин пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана насыянын өзүн да жабууга берилип келген.

2023-жылдын аягында 1,5 жылдын ичинде 4 миңдей адамга жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү берилгени айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Каракол: Армиядагы зомбулук тууралуу маалыматты УКМК текшере баштадыПарламентте балдардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушу көтөрүлдү Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылдыОшто акча уурдоого шек саналган курьер изделип жатат ЖАК акыркы беш жылда абактарда 23 киши өз жанын кыйганын билдирдиШаардык сот Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырдыАнкарада кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы жыйынга чогулат