Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Каракол: Армиядагы зомбулук тууралуу маалыматты УКМК текшере баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын билдирүүсү тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, жетекчилик жана тиешелүү мекемелер бул боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Жылдыз Асанакунованын прапорщик чинин алуу менен дарыкананын башчысы болууга ат салышканы белгилүү болгону, бирок анын үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен бул кызматка дайындоодон баш тартылганы айтылат.

Андан тышкары аскерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аларды текшерүүдө зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбаганы кабарланды.

Асанакунованын билдирүүсү боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Аскер прокуратурасы кайра текшерүү баштаганын билдиришти.

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, кенже сержант жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернетте 6-февралда айтып чыккан, өлкө жетекчилигине кайрылган.

"Соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштейм" деген Жылдыз Асанакунова терс көрүнүштөр жөнүндө аскер бөлүктүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG