Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылды


Киев. 2024-жылдын 7-февралы.
Киев. 2024-жылдын 7-февралы.

Украинанын бир катар аймактары 7-февралга караган түнү жана эртең менен Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылды. Борбор калаа Киевде 20 ракетаны атып түшүрүшкөнүн, эртең мененки саат 9га карата урандылар астынан 11 кишини алып чыгышканын, талкаланган имараттарда каза болгондор болушу ыктымал экенин шаар башкармалыгы жана өлкөнүн ички иштер министри Игорь Клименко билдиришти.

«Бомбалоочу учактар биз жакка учурулганы тууралуу Telegram аркылуу эскертүү келгенде түнүбүз тынч болбой турганын түшүндүм. Саат түнкү 4:30да буюмдарыбызды чогултуп, бул жерге, метрого келдик. Биринчи жолу болуп жаткан жок, баарын билип деле калдык. Эки жылдан бери ушундай», - деди Киевдин тургуну, 59 жаштагы Виктория Щибачева.

Өзгөчө кырдаалдар мекемеси Киевге, Харьковго, Николаевге жана башка шаарларга урулган соккулардын кесепети тартылган сүрөттөрдү жарыялап жатышат.

Соңку маалымат боюнча, төрт адамдын өмүрү кыйылды.

Бул күндөрү Киевде иш сапарда жүргөн Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел таңды бомбадан баш калкалоочу жайда тосконун айтып, Х социалдык түйүнүнө сүрөтүн жарыялады.

«Орусия өзүнүн мыйзамсыз агрессиясын баштагандан бери кайраттуу украин элинин күнүмдүк реалдуулугу мына ушундай», — деп жазды Боррел.

Бүгүнкү жапырт чабуулга Львов облусу да кабылды. Облустук администрация башчысы Максим Козицкий аймактагы өнөр жай объектиси талкаланганын билдирди.

Кошуна өлкө Польшанын Аскердик-аба күчтөрү Орусиянын бүгүнкү ракеталык чабуулуна байланыштуу чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдады.

Акыркы жолу Орусия Украинанын аймагына ракеталык жапырт чабуулдарын 23-январда жүргүзгөн. Ондогон адам жараат алган, айрымдары каза болгон.

Орусия украин тараптын чабуулдар тууралуу айыптоолоруна комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG