Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Шаардык сот Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырды


Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум. (Ырыс Жекшеналиев оң жактан биринчи) 7-февраль, 2024-жыл.
Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча соттук отурум. (Ырыс Жекшеналиев оң жактан биринчи) 7-февраль, 2024-жыл.

7-февралда Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки өкүмүн күчүндө калтырды.

2023-жылы 4-декабрда райондук сот Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган.

Прокуратура райондук соттун активистти актаган чечимине каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

21 жаштагы Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке каккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG