Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Парламентте балдардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушу көтөрүлдү


Кыргызстан. Бишкектеги бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт. Анын жаңылыкка тиешеси жок.
Кыргызстан. Бишкектеги бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт. Анын жаңылыкка тиешеси жок.

Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар "Үй-бүлөгө көмөк" же жашы жете элек балдарга төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунушташты. Депутат Дастан Жумабеков азыркы инфляциянын шартында 1200 сом баланын тамагына жетпей жатканын айтты.

"Иштейбиз, элибиз бакубат жашасын десеңер, анда жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү керек", - деди ал.

Дагы бир депутат Камила Талиева 1200 сомдук жөлөк пул Кыргызстандагы жашоо минимумунун 30% түзөрүн белгилеп, бул Баш мыйзамга каршы келерин эскертти.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жөлөк пулду алмаштыруучу чаралар көрүлүп жатканын, анын ичинде жөлөк пул алган үй-бүлөлөр менен бир жолку "Социалдык келишим" түзүлүп жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун
83 миң 200 (283 400 бала) үй-бүлө алат. Бул үчүн быйылкы жылга мамлекеттик бюджеттен 8 млрд 200 миң сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөктүн" өлчөмү 2022-жылы 1200 сомго көтөрүлгөн. Ага чейин 810 сом болчу.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 2022-жылы 14,7% жеткен. Ал эми 2023-жылы 9,2% түздү. Эл аралык уюмдардын божомолунда 2023-жылдын башында 30 пайыздан 80% чейин көтөрүлгөн электр энергиясы, ичер суу, таштанды чыгаруу өңдүү коммуналдык кызматтардын тарифтери ансыз да туруксуз болуп жаткан инфляциянын өсүшүнө кошумча түрткү берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG