Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

Анкарада кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы жыйынга чогулат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташтык боюнча көкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны болот.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-февралда Түркияга расмий сапар менен барат. Визит 10-февралга чейин уланат.

Жапаров Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушат, алака-катыш талкууланмакчы.

Ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форуму да болот.

Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга келип кеткен.

Ал Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда “ФЕТО” (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) уюму боюнча маселе көтөргөнүн Түркиянын Anadolu мамлекеттик агенттиги жазган.

Акыркы сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG