ЖАК акыркы беш жылда абактарда 23 киши өз жанын кыйганын билдирди

Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде абактарда жазасын өтөп жаткан 23 киши суицидге барганын билдирди.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы “Азаттыктын” суроосуна жооп берген катында айтылат. Ага ылайык, жабык жайларда 2019-жылы үч, 2020-жылы бир, 2021-жылы жети, 2022-жылы жети жана 2023-жылы беш киши өз жанын кыйган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергелгени кабарланды.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында 2020-2022-жылдар аралыгында Кыргызстанда жабык жайларда ар кандай жагдайда 151 киши каза болгонун айткан.

Маселе Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев №31 түзөтүү мекемесинде каза тапкандан кийин козголгон. Анын сөөгү 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асынган абалда табылган.

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. (BTo/KE)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүТүркияда кыргыз тилин жайылтуучу борборлор уюштурулатАлты жылда 3 миңден ашык адам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулганМинистрлик Кыргызстандын паспортун ортомчулардан албоого чакырдыАба ырайы: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу барОшто жашы жете электерди сабаган өспүрүм кыздар кармалдыКараколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылатКоомдук транспорттогу GPS-трекерин өчүрүп койгон айдоочуларга сөгүш берилди