Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:52

Коомдук транспорттогу GPS-трекерин өчүрүп койгон айдоочуларга сөгүш берилди


Бишкекте транспорттун жүрүшүн текшерүү учуру. 5-февраль, 2024-жыл
Бишкекте транспорттун жүрүшүн текшерүү учуру. 5-февраль, 2024-жыл

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы "Бишкек жүргүнчүлөр, автотранспорт ишканасы" автобустардын GPS-трекерин өзүм билемдик менен өчүрүп койгон 13 айдоочуга сөгүш жарыялады.

Бардык айдоочуларга алдын ала эскертүү берилди.

Шаардык транспорт департаментинин кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери менен чогуу бир айдан бери коомдук транспорттун каттамга чыгуусун көзөмөлдөп келет. Алар менен кошо "Бишкек жүргүнчүлөр, автотранспорт ишканасы", "Бишкек троллейбус башкармалыгы" жана маршруттук каттам ээлери рейдге чыгышкан.

Жыйынтыгында айрым автобустардын айдоочулары унаадагы GPS-трекерди өзүм билемдик менен өчүрүп коюшканы аныкталган. Рейддин жыйынтыгы боюнча сегиз протокол түзүлгөн.

Мурдараак айрым каттамдардагы автобус-троллейбустар жүргүнчүлөрдүн "Менин шаарым" тиркемесинен көрүнбөй жатканына нааразылыктар айтылган.

Муниципалдык транспортко коюлган GPS-трекер аркылуу автоунаанын кайсы жерде келе жатканы "Менин шаарым" тиркемесинде көрүнүп турат.

Бишкек мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 6-февралга карата борбор калаада күн сайын 560 автобус, 120 троллейбус эл ташууга чыгууда.

Шаар кеңешинин токтому менен 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG