Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Караколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты


№2028 аскер бөлүгүндөгү зомбулук тууралуу айтып чыккан аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова.
№2028 аскер бөлүгүндөгү зомбулук тууралуу айтып чыккан аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова.

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, кенже сержант Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу 6-февралда айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.

"Соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштейм" деген Жылдыз Асанакунова бул тууралуу аскер бөлүктүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирди. Башкы прокуратура, жоокерлердин апалары коомунун адистери Караколго барып, текшерүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

"Бул аскер бөлүгүндө мыйзамдуу жана мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган окуялар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда. Мен бул тууралуу Бишкек шаарына чейин барып, жогорку кызматтагы аскер адамдарына айткам, бирок бул жерде "карга карганын көзүн чукубайт" болууда", - деди ал.

Жылдыз Асанакунова ошондой эле аскер бөлүктүн ашканасына жоокерлерге деп алынып келинген азык-түлүктүн сапаты начар экенин, өлгөн малдын эти колдонуларын айтууда.

Кенже сержанттын сөздөрү боюнча Чек ара кызматы кийинчерээк комментарий берерин билдирди.

Кыргыз армиясында чоңсунуу, үстөмдүк кылуу бар экенин айрым адистер айтып, буга балдары армияда каза болгон же жаракат алган, сабалган жоокерлердин ата-энелери да даттанып келет.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган. 2022-2023-жылдар боюнча статиска азырынча чыга элек. (KS)

XS
SM
MD
LG